Лукашенко: «Вагнеристтер бизге кыйынчылык туудура башташты»
Беларустун президенти Александр Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолугушту.
Беларустун президенти Александр Лукашенко анын өлкөсүндө жайгашкан орусиялык жеке коопсуздук компаниясы «Вагнердин» жалданма согушкерлери батыш тарапка кетүүнү каалап жатканын билдирди.
Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербургда жолугушту.
Жолугушууда украин армиясы көп сандагы жоокерин жоготконун билдирген Лукашенко: «АКШнын эсеби боюнча, Украина контрчабуулдан бери 26 миң аскерин жоготту»,-деди.
Лукашенко өз өлкөсүндө жайгашкан «Вагнер» согушкерлерине да баа берип:«Вагнеристтер бизге кыйынчылык туудура башташты, алар батышка кетүүнү каалап жатышат. «Варшавага, Жешовго саякатка чыгалы» дешет. Мен аларды макулдашылгандай Беларустун борборунда кармап турам»,-деп айтты.
Украинанын контр чабуулда 26 миңден ашуун аскерин жоготкондугун баса белгилеген Путин: «Каршы чабуул бар, бирок ал ишке ашпай калды»,-деп айтты.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.