Сербияда жамгыр жана бороондон улам 12 жаштагы бир бала каза болду

Аймакта катуу ысыктыктан кийин апта ортосунда катуу жаай баштаган жамгыр жана бороондон улам каза болгондордун саны 6га жетти.

2014682
Сербияда жамгыр жана бороондон улам 12 жаштагы бир бала каза болду

Сербияда  нөшөрлөп жааган жамгыр жана бороондон улам 12 жаштагы бир бала каза болду. 

Серб полициясынын билдирүүсүндө Нови Сад шаарында кечээ кечинде күчүнө кирген нөшөрлөгөн жамгырдан качкан баланын жансыз денесин тапкандыгы билдирилип, өлүм себебинин электр же чагылгандын таасири болдубу   иликтенип жаткандыгы белгиленди.

Аймакта катуу ысыктыктан кийин апта ортосунда катуу жаай баштаган жамгыр жана бороондон улам каза болгондордун саны 6га жетти. 

Ички иштер министрлигинен жасалган билдирүүдө жагымсыз аба ырайынан эң көп жабыр тарткан шаарлардын Нови Сад жана Бака Паланка болгону белгиленди.

Нөшөрлөгөн жамгыр жана бороон Хорватия, Словения жана Босния - Герцеговина сыяктуу аймак өлкөлөрүнө да таасирин тийгизди.

Хорватияда бороондун күчү менен көптөгөн бак-дарактар ​​куласа, Босния жана Герцеговинада материалдык чыгым болду.

 



Тектеш кабарлар