Гутерриштин украин жана орус эгиндерин экспорттоонун бардык жолдорун изилдөөнү улантаары кабарланды

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишими тууралуу сереп салды.

2013299
Гутерриштин украин жана орус эгиндерин экспорттоонун бардык жолдорун изилдөөнү улантаары кабарланды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин украин жана орус эгиндерин экспорттоонун бардык жолдорун изилдөөнү улантаары кабарланды.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында Орусиянын Кара деңиз дан коридору келишимин токтоткондугун жарыялоосунан кийин түрдүү демилгелердин алдыңкы планга чыкканын, тараптардын коопсуз жана практикалык жолдорду аныктоо үчүн чогулуусу керектигин айтты.

Дужаррик Орусиянын токтотуу маалыматын берүү үчүн жөнөткөн катында Кара деңиздеги навигация кепилдиктерин да алып салганын ачык айтканын эске салды.

Украина жана орус данынын дүйнөлүк базарга тийгизген оң таасирин көз жаздымда калтырууга болбой турганына көңүл бурган Дужаррик: «БУУнун башкы катчысы украин жана орус эгиндерин экспорттоо үчүн бардык мүмкүн болгон жолдорду изилдөөнү улантат. Ал бул жагынан чечкиндүү»,-деп айтты.

Орусиянын Украинага кол салышынын дүйнөлүк азык-түлүк бааларына тийгизген таасирин азайтуу максатында БУУ, Орусия, Түркия жана Украина 2022-жылдын 22-июлунда Стамбулда өткөрүлгөн азем менен Кара деңиз дан коридору келишимине кол коюшту.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, мөөнөтү аяктаган Кара деңиз дан коридору келишимине байланыштуу билдирүү жасап: «Дан коридору келишими иш жүзүндө аяктады, ал токтотулду. Тиешелүү шарттар аткарылса эле Орусия дароо дан келишимине кайтып келет. Келишимдин Орусияга байланыштуу бөлүгү аткарылган жок»,-деп айткан болчу.



Тектеш кабарлар