Украинанын Крым көпүрөсүнө кол салуу жөнүндө билдирүүсү

Украинанын Коопсуздук кызматынын (SBU) басма сөз катчысы Артем Дехтяренко Крым көпүрөсүндөгү кол салууларга байланыштуу төмөнкүлөргө токтолду.

2012554
Украинанын Крым көпүрөсүнө кол салуу жөнүндө билдирүүсү

Украинанын Коопсуздук кызматынын (SBU) басма сөз катчысы Артем Дехтяренко Крым көпүрөсүндөгү кол салууларга байланыштуу, «Биз (Орусия президенти Владимир) Путиндин режиминин символдорунун бири дагы бир жолу аскердик жүктү көтөрө албаганын кызыгуу менен көрүп жатабыз»,- деди.

Дехтяренко жергиликтүү басма сөзгө жасаган билдирүүсүндө Крым көпүрөсүндөгү кол салууга баа берип: «Украинанын Коопсуздук кызматы биздин жеңишибизден кийин кол салуунун уюштуруусу боюнча бардык деталдарды сөзсүз ачыкка чыгара турганын билдиребиз. Бул арада Путин режиминин символдорунун бири дагы бир жолу аскердик жүктү көтөрө албаганын кызыгуу менен карап жатабыз»,-деп айтты.

SBU президенти Василий Малюктун «эл аралык укуктун нормалары, оперативдүү анализдер жана согуш салттары душмандын логистикалык жолдорун кесип салууга мүмкүндүк берет» деген сөзүнө токтолгон Дехтяренко, Крым көпүрөсү учурда орус армиясы үчүн аскердик материалдык транспорттордун коридорлорунан бири экенин белгиледи.

Орусияга аннексияланган Крым парламентинин төрагасы Владимир Константинов Крым көпүрөсүнө Украина тарабынан кол салуу болгонун, кол салууда 2 кишинин каза болгонун, бир баланын жараланганын билдирди.



Тектеш кабарлар