Орусиянын Крым көпүрөсүндөгү кол салуу тууралуу билдирүүсү...

Комитеттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Крым көпүрөсүндөгү кол салуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.05те болгондугу белгиленди.

2012432
Орусиянын Крым көпүрөсүндөгү кол салуу тууралуу билдирүүсү...

Орусиянын Улуттук Терроризмге каршы комитети Крым көпүрөсүндө украин күчтөрү тарабынан капитансыз деңиз унаалары менен «террордук кол салуу» жасалганын жарыялады.

Комитеттин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Крым көпүрөсүндөгү кол салуунун жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.05те болгондугу белгиленди.

Билдирүүдө кол салуунун Украинанын атайын кызмат күчтөрү тарабынан жасалганы, кол салуу үчүн 2 капитансыз деңиз унаасынын колдонулганы белгиленди.

Билдирүүдө кол салуунун «террордук кол салуу» деп сыпатталганы жана окуяга байланыштуу териштирүүнүн башталганы баса белгиленди.

2 кишинин каза болгондугу, бир баланын да жараланганы белгиленген билдирүүдө кол салуудан улам көпүрөнүн трасса бөлүгүнө зыян келтирилгени белгиленди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Крым көпүрөсүнүн жарандык инфраструктура экенин белгилеп, кол салууну катуу айыптаганын жарыялады.

Министрликтин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Киев тарабынан окуянын Украина деңиз күчтөрү менен Украина коопсуздук кызматынын биргелешкен операциясынын натыйжасы экенин билдиргени белгиленип, төмөнкүлөргө көңүл бурулду: «Кылмышкерлер аныкталып, адилеттиктен кутулуп кетпей турганына толук ишенебиз. Көпүрөгө кол салган капитансыз деңиз унаалары батыштан чыккандыгы жана бул операцияны пландаштырууда, колдоо көрсөтүүдө жана ишке ашырууда батыш өлкөлөрүнүн ролу болгондугу ачыкка чыкса, бул алардын Киев режиминин террордук аракеттерине шериктештигин тастыктайт».

Крым көпүрөсүндөгү трассадагы террордук кол салуудан улам келтирилген зыяндын эң кыска убакытта оңдоло турганы баса белгиленген билдирүүдө, «жарым арал менен транспорттук байланыштарды үзүү жана Крымды Орусиянын калган бөлүгүнөн бөлүү аракетинин бардыгы» мүмкүн эместиги кошумчаланды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова да социалдык тармактагы баракчасынан Крым көпүрөсүндөгү чабуулду Украина жасаганын жарыялады.

Захарова: «Киев режими террорист жана эл аралык уюшкан кылмыштуу уюмга тиешелүү бардык өзгөчөлүктөргө ээ. Чечимдерди америкалык жана британиялык чалгын кызматтарынын жана саясатчыларынын катышуусу менен украин бийликтери жана аскерлери кабыл алат. Террордук мамлекеттик түзүлүштүн башында АКШ жана Англия турат»,-деп айтты.

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдын губернатору Сергей Аксенов Крым көпүрөсүндө авариялык абал жаралып, ошол себептен көпүрө унаалар үчүн жабылганын билдирди.

РБК-Украина маалымат сайты да, Украинанын Коопсуздук кызматындагы (SBU) булактарына таянуу менен ал Крым көпүрөсүнө кол салуу болгонун, окуя SBU жана Украинанын деңиз күчтөрү тарабынан пландалганын жана суу үстүндөгү учкучсуз учуучу аппараттардын жардамы менен ишке ашырылганын билдирди.



Тектеш кабарлар