Түштүк Кореяда жааган жамгырдан улам 21 киши каза болду

Түштүк Кореянын борбор шаары Сеул жана айланасында нөшөрлөп жааган жамгырдан  улам пайда болгон сел жана жер көчкүдөн алгачкы аныктамаларга караганда 21 киши каза болду.

2011815

Йонхаптын кабарына караганда, жетекчилер 10 кишиден кабар алына албагандыгын, 9 кишинин жарадар болгонун кабарлашты.

Сел жана жер көчкүлөрдүн натыйжасында Түндүк Кёнсан шаарында 16 адам, Йонжу жана Чонгьян шаарларында 3 адам, Седжон жана Чонгжу шаарларында бирден адам каза болду.

Өрт өчүрүүчүлөр Чонжу шаарында дарыянын ташуусунан улам  жолдун бузулгандыгын жана  жол үстүндөгү  19 унаанын сел сууларынын астында калганын жарыялады.

Жетекчилер миңдеген кишинин коркунучтуу аймактардан  эвакуациялангандыгын жана  1500дөн ашуун жарандын баш калкалоочу жайларга жайгаштырылгандыгын айтышты. 

Тектеш кабарлар