Непал тик учактарга "мажбур болбогон" учууларга тыюу салды

Непалда 11-июлда  6 кишини ташыган тик учак Эверест тоосунан кайтып келе жатып кырсыкка учурап, 5 мексикалык турист жана учкуч каза болгон.

2010974
Непал тик учактарга "мажбур болбогон" учууларга тыюу салды

Непал 11-июлда 6 адам каза болгон тик учак кырсыгынан кийин "мажбур болбогон" учууларга тыюу салды.

India Today билдиргендей, Непалдын жарандык авиация башкармалыгы (CAAN) тик учактардын "мажбур болбогон" учууларды аткаруусуна тыюу салды.

CAANдын социалдык медиа эсебинен берилген билдирүүдө туристтик сапарлар сыяктуу маанилүү эмес каттамдарга сентябрга чейин чектөөлөрдүн киргизилери айтылды.

Непалда 11-июлда  6 кишини ташыган тик учак Эверест тоосунан кайтып келе жатып кырсыкка учурап, 5 мексикалык турист жана учкуч каза болгон.



Тектеш кабарлар