Индияда болгон селден улам 90дон ашуун киши каза болду

Индиянын түндүк аймактарында акыркы күндөрдө нөшөрлөр жааган жамгырдан улам болгон селден  каза болгондордун саны 90дон ашты.

2010836
Индияда болгон селден улам 90дон ашуун киши каза болду

Индиянын түндүк аймактарында акыркы күндөрдө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден  каза болгондордун саны 90дон ашты.

Индиянын жергиликтүү маалымат каражаттарында орун алган кабарга караганда өлкөнүн түндүгүндөгү муссон жамгырлары себеп болгон селде каза болгондордун саны 34 киши Химачал-Прадеш аймагынан болуу менен 90дон ашты.

Гимачал - Прадеш аймагынын табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгынын расмий өкүлү Правен Бхардвадж суу ташкынынан эң көп жабыркаган Химачал-Прадеш аймагында 7-июлдан бери кеминде 34 кишинин каза болгондугун,  4 кишинин дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Бхардвадж адамдардын каза болушуна суу ташкындары,   жер көчкүлөр ошондой эле ыңгайсыз аба ырайынын себеп болгондугун  айтты.

Гимачал - Прадеш аймагында селден 1300дөн ашык жол бузулду.

Жетекчилер өлкөнүн түндүк аймактарында, өзгөчө Уттаракханд жана Уттар-Прадеш аймактарында ыңгайсыз аба ырайынын улана тургандыгын эскертишти.

Индиянын метеорологиялык кызматы 9-июлда Химачал - Прадеш, Уттаракханд, Пенджаб жана Харьяна аймактары үчүн аба ырайы боюнча эң жогорку деңгээлдеги "кызыл эскертүү" жарыялаган.

 



Тектеш кабарлар