Украина Бахмуттун түндүгү менен түштүгүндө көзөмөлдү колго алды

Украинанын Башкы штабы армиянын Бахмут шаарынын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү айрым позицияларды көзөмөлгө алгандыгын билдирди.

2010396
Украина Бахмуттун түндүгү менен түштүгүндө көзөмөлдү колго алды

Украинанын Башкы штабы армиянын Бахмут шаарынын түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү айрым позицияларды көзөмөлгө алгандыгын билдирди.

УкраинанынКоргоо министрлигинин Аскердик басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен Украинанын Башкы штабынын басма сөз катчысы Андрей Ковалёвдун Бахмуттагы кырдаалга байланыштуу билдирүүсү жарыяланды. 

Ковалёв Украина армиясынын Бахмут шаарынын түндүгү жана түштүгүндө каршы чабуул операцияларын жүргүзүүнү улантып жаткандыгын белгилеп : "Бөлүктөрүбүз Била Гора-Андриевка жана Била Гора-Курдюмовка багыттарынын айрым жерлеринде  ийгиликке жетишти,  көзөмөлгө алынган позицияларды бекемдеп жатышат",- деди.  

Украина аскерлеринин орустардын буталарына артиллериялык ок аткандыгы жана каршы артиллериялык чараларды көргөндүгүн айткан Ковалёв орус күчтөрүнүн күчтүү каршылык көрсөткөндүгүн , бөлүктөрүн жайгаштыргандыгын жана резервдерин колдонгондугу белгиледи. 

Украина куралдуу күчтөрүнүн Таврия бөлүгүнүн командири Александр Тарнавский да социалдык медиа эсебинен  Тавриянын чыгышында кагылышуулардын уланып жаткандыгын маалымдады. 

Акыркы бир күндө орустардын Украина позицияларына 27 жолу кол салгандыгын жана 668 жолу  ок аткандыгын айткан Тарнавский : "Таврия батыгында  коргонуу күчтөрүнүн артиллериялык бөлүктөрү акыркы бир күндө  1418 атуу тапшырмасын аткарды. Душмандын жоготуулары дээрлик 2 дивизияга жетти. 14 аскердик техника.жок кылынды»,- деди.  

Тарнавский орустардын 7 ок-дары кампасынын жок кылынганын билдирди.

 



Тектеш кабарлар