Кытайлык хакерлер тобу айрым мамлекеттик мекемелердин электрондук почталарына кирди

Microsoft тарабынан берилген маалыматка караганда Storm-0558 хакердик тобу Батыш Европада 25ке жакын мекеменин жана жеке адамдардын электрондук почталарын бутага алган.

2010454
Кытайлык хакерлер тобу айрым  мамлекеттик мекемелердин электрондук почталарына кирди

Америка Кошмо Штаттарындагы технология компаниясы Microsoft кытайлык хакерлер тобунун Батыш Европадагы айрым  мамлекеттик мекемелердин  электрондук почталарын колго түшүргөндүгүн жарыялады. 

Microsoft тарабынан берилген маалыматка караганда Storm-0558 хакердик тобу Батыш Европада 25ке жакын мекеменин жана жеке адамдардын электрондук почталарын бутага алган.

Кардарлардын электрондук почталарындагы кыймылдарды Microsoftко билдирүүсү менен  топтун эсептерге кириши бир ай боюнча байкалбагандыгы ортого чыкты. 

Microsoftтун  коопсуздуктан жооптуу төрага орун басары Чарли Белл, топтун маалымат чогултуу үчүн электрондук почта тутумдарына кирүү менен тыңчылык  кылгандыгандыгын белгиледи.  

Storm-0558дин кыймылдарынын көзөмөлгө алынары жана ушул сыяктуу кол салууларга каршы  коргонуу үчүн изилдөөлөрдүн жүргүзүлө тургандыгы билдирилди.

 



Тектеш кабарлар