Канадада жамгырдан улам 220 үй эвакуацияланды

Коомдук коопсуздук департаментинин басма сөз катчысы Жошуа Менард-Суарес Квебектин түштүк жана борбордук бөлүгүндө ыктымалдуу суу ташкыны жана жер көчкүлөрдүн көзөмөлгө алынгандыгын айтты.

2009967
Канадада  жамгырдан улам 220 үй эвакуацияланды

Канаданын Квебек шаарына жакын жайгашкан Сент-Брижит-де-Лаваль аймагында нөшөрлөгөн жамгырдын суу ташкынына алып келүү коркунучунан улам 220 үй эвакуацияланды.

The Star гезитинин кабарына караганда Квебек шаарынын жооптуу кызматкери Марк Проулкс шаардын түндүгүндө бир нече саатта чарчы метрге 70 килограмм жамгыр жааганын, суу каптоо коркунучунан улам 220 үйдүн эвакуацияланышына чечим чыгарылганын билдирди.

Коомдук коопсуздук департаментинин басма сөз катчысы Жошуа Менард-Суарес Квебектин түштүк жана борбордук бөлүгүндө ыктымалдуу суу ташкыны жана жер көчкүлөрдүн көзөмөлгө алынгандыгын айтты.

Менард-Суарестин айтымында, жетекчилер Квебек шаарынын түндүк-чыгышындагы Шарлевойс аймагы жана Монреалдын чыгышындагы Чыгыш шаарчаларынан өзгөчө тынчсызданышууда.

Метеорология кызматкерлери күндүн аягына чейин бул аймактарда 1 чарчы метрге 80 килограммдан 120 килограммга чейин жаандын жаай тургандыгын айтышууда.



Тектеш кабарлар