Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада билдирүү жасады.

2009368
Песков: «Путин менен Пригожин 29-июнда жолугушту»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Владимир Путиндин 29-июнда Кремлде Вагнердин негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана айрым Вагнер командирлери менен жолугушканын билдирди.

Песков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, Вагнердин орус башкаруучулугуна каршы чыккан козголоңунан кийин 24-июнда Путин менен Пригожиндин Москвада жолугушуу өткөргөнүн белгилеп:«Путиндин ушундай жолугушуусу болгон. (Вагнердики) ротанын жетекчилигинен 35 киши чакырылган, анын ичинде бардык командирлер жана Пригожин бар. 29-июнда Кремлде болгон бул жолугушуу 3 саатка жакын созулду»,- деди.

Жолугушуунун деталдары белгисиз экенин белгилеген Песков:«Бирок биз бир гана нерсени айта алабыз: Путин (Вагнер) компаниясынын атайын аскердик операциянын алкагында фронттогу ишмердүүлүгүнө жана 24-июнда болгон окуяга баа берди»,-деп айтты.

Песков Путиндин Вагнер командирлеринин баалоолорун да укканын айтып:«Путин аларга жумушка орношуунун жана чыр-чатактарда колдонуунун кошумча варианттарын сунуштады. Командирлер 24-июнда болгон окуяга өз көз карашы менен баа берип, алар президенттин жана башкы колбашчынын ишенимдүү колдоочулары жана жоокерлери экендигин баса белгилеп, мекен үчүн күрөштү улантууга даяр экендиктерин билдиришти»,-деди.



Тектеш кабарлар