Орусия Украинанын баллистикалык ракета менен чабуул жасоого аракет кылганын билдирди

Министрликтин билдирүүсүндө Орусиянын Аэрокосмикалык командирлигинин Орусиянын Башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимовго берген отчетунда 4 украин баллистикалык ракетасынын жок кылынганы белгиленди.

2009332
Орусия Украинанын баллистикалык ракета менен чабуул жасоого аракет кылганын билдирди

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын С-200 ракеталары менен Крым, Ростов жана Калуга аймактарына кол салууга аракет кылганын билдирди.

Министрликтин билдирүүсүндө Орусиянын Аэрокосмикалык командирлигинин Орусиянын Башкы штабынын төрагасы Валерий Герасимовго берген отчетунда 4 украин баллистикалык ракетасынын жок кылынганы белгиленди.

Украинанын кечээ С-200 ракеталары менен Крым, Ростов жана Калуга аймактарындагы буталарды атууга аракет кылганы жана Орусиянын абадан коргонуу системаларынын бул кол салуу аракетине тоскоол болгону белгиленген билдирүүдө, «2 С-200 ракетасы абадан коргонуу ракета системалары менен жана 2 электрондук согуш системалары менен дагы окшош ракеталар жок кылынды. Эч кандай жоготуулар жана кыйроолор болгон жок»,деген маалыматтар камтылды.

Билдирүүдө Герасимов аба соккусунан коргонууну күчөтүү үчүн тез арада кошумча чараларды көрүүнү тапшырганы белгиленген.



Тектеш кабарлар