Захарова: «АКШ Украинага кассеталык бомбаларын берсе каза болгондор үчүн жооп берет»

Захарова АКШнын Украинага кассеталык бомба жиберүү чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

2008820
Захарова: «АКШ Украинага кассеталык бомбаларын берсе каза болгондор үчүн жооп берет»

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Украинага бере турган кассеталык бомбалары менен каза болгондор үчүн, анын ичинде украиналык жана орусиялык балдар үчүн жооп берерин билдирди.

Захарова АКШнын Украинага кассеталык бомба жиберүү чечимине байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.

АКШнын президенти Жо Байдендин бул чечими менен «Украинадагы кагылышууну акыркы украиналыкка чейин улантууну максат кылганын» айткан Захарова, АКШ-НАТО курал системалары Украинага жеткирилген сайын жарандардын коркунучта боло турганын айтты.

Жакынкы Чыгышта жана дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө кассеталык бомбаларды колдонуу тажрыйбасы алардын көпкө чейин жарылбай калышы мүмкүн экенин жана кагылышуу аяктагандан кийин да жарылып кетиши мүмкүн экенин көрсөткөнүн белгилеген Захарова : «Вашингтон Украинага кассеталык бомбаларды берүү менен чындыгында бул аймакты миналоодо кылмышка иш жүзүндө шериктеш болот, орус жана украин балдары менен катар жардыруудан каза болгондор үчүн толук жоопкерчиликти бөлүшөт»,-деп жазган.

Украинага кассеталык бомбалардын жеткирилиши ошондой эле «Украина армиясынын контрчабуулунун ийгиликсиздигинин алдында алсыздыктын жана үмүтсүздүктүн далили» экенин айткан Захарова сөз болуп жаткан курал «Орусиянын өзгөчө аскердик операциясынын жүрүшүнө эч кандай таасир этпейт»,-деди.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан болсо «Украинаны коргоосуз калтырбай тургандарын» жана кассеталык бомба колдооосун көрсөтө тургандыктарын билдирди.

Кассеталык бомбалардын жарандарга зыян тийгизе турган коркунучун түшүнүшкөндөрүн белгилеген Салливан, Украинага кассеталык бомба берүүнүн «жеңил чечим» болбогонун белгиледи.

АКШнын президенти Жо Байден да бул «өтө оор чечим» экенин белгилеп, бул маселе боюнча союздаштары жана Конгресс мүчөлөрү менен сүйлөшкөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар