Индияда жергиликтүү шайлоолордо мушташ: 18 адам каза болду

Индиялык басма сөздүн билдирүүлөрүнө караганда, 104 миллион калкы бар Батыш Бенгалиянын эли муниципалдык шайлоолор үчүн шайлоо участогуна барды.

2008846
Индияда жергиликтүү шайлоолордо мушташ: 18 адам каза болду

Батыш Бенгалия провинциясында өткөрүлгөн жергиликтүү шайлоодо үкөктөрдүн жанындагы мушташтан 18 киши каза болуп, ондогон киши жараланды.

Индиялык басма сөздүн билдирүүлөрүнө караганда, 104 миллион калкы бар Батыш Бенгалиянын эли муниципалдык шайлоолор үчүн шайлоо участогуна барды.

Добуш берүү үчүн барган үкөктөрдөгү салгылашууларда Тринамоол Конгресс партиясынан (TMC) 10 адам, Бхаратия Жаната партиясынан (BJP) жана Индиянын Улуттук конгресс партиясынан 3төн адам жана Индиянын Коммунисттик партиясынан 2 адам каза болду.

Айрым мектептерде көптөгөн үкөктөр талкаланып, бюллетендер өрттөлүп жатканы катталган.

Муршидабад аймагында кээ бир адамдар полициянын унаасын өрттөп жиберишкени айтылууда.

Бхаратия Жаната партиясы (BJP) Тринамоол Конгресс партиясын (TMC) күнөөлөгөн менен, жаштар жана спорт министри Анураг Такур провинциялык премьер-министр Мамата Банерджи шайлоону «адам өлтүрүүлөр жана башаламандыктарсыз» өткөрө албайт деп күнөөлөдү.

Индиянын Улуттук Конгресси партиясынан Адхир Ранжан Чоудхури болсо шайлоо атайылап мөөнөтүнөн мурда башталганын жана жалган добуштар берилгенин ырастады.

Башка жагынан алганда, Тринамоол Конгресс партиясынан (TMC) Саши Панджа «үрөйдү учурган»  окуяларда Бхаратия Жаната партиясынан (BJP), Индиянын Коммунисттик партиясы жана Индиянын Улуттук Конгресс партиясы кызматташкан деп ырастады.



Тектеш кабарлар