Японияда нөшөрлөп жааган жамгыр, суу ташкындары жана эвакуациялар...

Жаандан улам Шимане провинциясындагы Изумо шаарында ар кайсы пункттарда 15 жер көчкү жүрдү.

2008842
Японияда нөшөрлөп жааган жамгыр, суу ташкындары жана эвакуациялар...

Япониянын Шимане провинциясында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин 370 миң кишиге эвакуациялоо чакырыгы жасалды.

Жаандан улам провинциядагы Изумо шаарында ар кайсы пункттарда 15 жер көчкү жүрдү. Шаардын 20 аймагы дарыялардын ташкынынан терс таасир алды.

Муниципалитеттин билдирүүсүнө караганда, суу ташкындарынын кесепетинен магистралдарга чыгуу мүмкүнчүлүгү болбой калганынан улам Изумо шаарындагы 4 аймактын борбор менен байланышы үзүлгөн.

Япониянын метеорологиялык агенттиги Шимане провинциясында жергиликтүү нөшөр тез-тез болуп жаткандыктан коомчулукка кайрылуусун жаңылады.

Провинция боюнча 370 миң адамды эвакуациялоо талап кылынды. Мекеме жер көчкү жана суу ташкындары уланышы мүмкүн деген эскертүүсүн улантты.



Тектеш кабарлар