Орус аскердик учактары бул жумада АКШ учкучсуз учуучу аппараттарына үч жолу кысым жасады

Грынкевич : "Орус учагы  MQ - 9дардын кооптуу абалдардан алыс болуу  үчүн каршылык көрсөтүүсүнө  себеп болгон жана профессионалдуулукка жатпаган кысым жасады",- деди.

2008723
Орус аскердик учактары бул жумада АКШ учкучсуз учуучу аппараттарына үч жолу кысым жасады

Сирияда орус аскердик учактарынын АКШга таандык учкучсуз учуучу  аппараттарына бул жумада үчүнчү жолу  кысым  жасагандыгы билдирилди. 

АКШнын  Жакынкы Чыгыштагы  9 -  аба күчтөрү командири армиянын генералы Алекс Грынкевич жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө   бул жумада Сирияда орус аскердик учактарынын  АКШнын MQ - 9 учкучсуз учуучу аппараттарына  үчүнчү жолу кысым көрсөткөнүн жарыялады.

Грынкевич : "Орус учагы  MQ - 9дардын кооптуу абалдардан алыс болуу  үчүн каршылык көрсөтүүсүнө  себеп болгон жана профессионалдуулукка жатпаган кысым жасады",- деди. 

АКШнын аба күчтөрүнүн командирилиги  5 -  июлда Сирияда орус аскердик учактарынын АКШга таандык учкучсуз  учуучу аппараттарга карата "коркунучтуу" жана "профессионалдуу болбогон" кыймыл кылгандыгына байланыштуу көрүнүштөрдү жарыялаган. 

 



Тектеш кабарлар