Мария Захарова АКШнын кассеталык бомбалар тууралуу билдирүүсүнө жооп кайтарды

Россиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова АКШнын Украинага  кассеталык бомбалар боюнча жардам берерине жооп катары  Ак үйдүн мындан мурда бул бомбанын колдонулушунун «согуштук кылмыш» экендигин билдиргенин эске салды.

2008670

Захарова соцтармактан берген билдирүүсүндө Ак үйдүн мурдагы катчысы Жен Псакинин 2022 -  жылы  28 -  февралда : «Кассеталык бомба колдонуу согуштук кылмыш»,- дегенин белгиледи.

Бир жарым жылдан кийин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешичиси Жейк Салливандын Ак үйдөгү пресс  - жыйынында Украинага кассеталык бомба жиберүү ниеттерин билдиргенин эске салган Захарова Ак үйдүн катчысы Карине Жан-Пьердин билдирүүсүн күтүп жаткандарын айтты.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан «Украинаны коргоосуз калтырбай тургандарын» белгилеп, өлкөгө кассеталык бомба боюнча жардам беришерин билдирген.

Кассеталык бомбалардын жарандарга зыян келтирүү коркунучун билишкендерин белгилеген Салливан Украинага кассеталык бомбаларды берүүнүн «оңой бир чечим» эмес экендигин айткан.

Салливан  АКШнын президенти Жо Байдендин улуттук коопсуздук тобунун сунушу жана союздаштары менен Конгресс  мүчөлөрү менен кеңешип бул тууралуу чечим чыгаргандарын билдирген.

Тектеш кабарлар