Мексикада автобус жарга кулап түшүп 25 адам каза болду

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда борбор шаар Мехикодон Оахакага бараткан жүргүнчү автобусу Пенаско шаарындагы трассадан жарга кулап түшкөн.

2007741
Мексикада автобус жарга кулап түшүп 25 адам каза болду

Мексиканын Оахака шаарында жүргүнчү ташыган автобустун жарга кулашынын кесепетинен 25 адам каза болуп, 17 киши жаракат алды.

Мексика басма сөзүндө орун алган кабарга караганда борбор шаар Мехикодон Оахакага бараткан жүргүнчү автобусу Пенаско шаарындагы трассадан жарга кулап түшкөн.

Кырсыктан 25 адам каза болуп, 17 адам жаракат алган, айрымдары оор абалда.

Аймакка көп сандаган тез жардам жана өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлүп, жаракат алгандар айланадагы ооруканаларда жеткирилди.

Кырсыктын себептерин иликтөө үчүн иликтөө иштери башталды.



Тектеш кабарлар