Кытайдагы сел каптоолор

50 имаратты кыйраткан сел кырсыгында 15 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз жоголду...

2008047
Кытайдагы сел каптоолор

Кытайдын борбордук жана түштүк аймактарында нөшөрлөп жааган жамгыр селге себеп болду.

Кырсыктан 15 адам каза болуп, 4 адам дайынсыз болууда. Селден кеминде 50 имарат кыйрап, 600 гектарга жакын айыл чарба жери да зыянга учурады.

Көптөгөн адамдар селдин ортосунда калып калган өлкөдө адамдар унааларына отуруп, жардам күтүштү. Куткаруучулар куткаруу иштери үчүн дрон жана крандарды колдонушту. Сел кырсыгы тууралуу сөз сүйлөгөн Кытай лидери Си Цзиньпин, өлкөнүн бардык дарыяларында суу ташкындоо коркунучу бар экенин эскертти.



Тектеш кабарлар