Король Чарльздын Шотландия сапарында нааразычылык митинги
Май айында таажы кийгенден кийин биринчи сапарын Шотландияга жасаган Король Чарльзга Шотландия королдук асыл таштары тапшырылды.
Британиянын королу Чарльз III таажы кийгенден кийин Шотландияга жасаган биринчи сапарында монархияга каршы чыккандардын нааразычылыгы менен беттешти.
Май айында таажы кийгенден кийин биринчи сапарын Шотландияга жасаган Король Чарльзга Шотландия королдук асыл таштары тапшырылды.
Шотландиянын борбор шаары Эдинбургда өткөн аземде Король Чарльзга 1651 - жылдан бери Британия королунун таажы кийүү аземинде даяр турган бирок эч кийилбеген Шотландия таажысы тапшырылды.
Королдордун Шотландиянын да королу экендигин символдоштурган таажы менен бирге Король Чарльзга Шотландия чиркөөсү жана христиандыктын символу болгон глобус да берилди.
Салт боюнча Король Чарльзга сунуштала турган Папа Юлийдин 1507 - жылы Король 4 – Яковго белек кылынган кылыч эми аземдерде колдонулбагандыктан жаңы бир кылыч жасалды.
Король жаңы жасалган "The Elizabeth" аттуу кылыч тапшырылган биринчи Британия королу болду.
Шотландия өкмөтүнүн билдирүүсүнө караганда азем үчүн 22 миң стерлинг жумшалды.
Ошол эле учурда Король Чарльздын Эдинбургга сапары монархияга каршы Республика тобунун нааразычылыгын жаратты.
Парад өткөн аймакка чогулган митингчилер монархиянын теңсиздикти күчөтүп жаткандыгын айтып : «Биз каалаган бир гана нерсе жактырбаган учурда алмаштыра алган, шайланган мамлекет башчысын каалайбыз»,- деп билдиришти.