Пакистанда муссон жамгырларынан 10 киши каза болду

Пакистандын Хайбер - Пахтунхва жана Пенжаб провинцияларында  болгон муссон жамгырларынан улам 10 киши каза болду.

2007471
Пакистанда муссон жамгырларынан  10 киши каза болду

Пакистандын Хайбер - Пахтунхва жана Пенжаб провинцияларында  болгон муссон жамгырларынан улам 10 киши каза болду.

Улуттук басма сөздө жарыяланган кабарларга караганда, муссон жамгырлары Пенджабдын борбору Лахордогу күнүмдүк турмушка  терс таасирин тийгизди.

Жетекчилер  Лахордо жамгырдан улам болгон кырсыктарда 7 кишинин каза болгонун жарыялашты. 

Шаардын ар кайсы аймактарында көчөлөрдү суу каптап, канализациялар ташты.  Шаардагы эки ири оорукананы жана көптөгөн үйлөрдү да суу каптаган.

Хайбер-Пахтунхва провинциясында муссон жамгырынан улам 3 адам каза болду. Штаттын айрым аймактарында катуу шамал бак-дарактарды көңтөрүп,  жер көчкүлөр болду.

Жыл сайын июнь  -  сентябрь айларында жааган муссон жамгырлары Пакистанда адамдардын каза болушуна жана чоң чыгымдарга жол ачууда. 

 

 



Тектеш кабарлар