Чилинин эң кургак чөлүн таштанды каптады
Чилинин Икике шаарынын 10 километрчелик чыгышында жайгашкан Альто Хосписио аймагындагы Атакама чөлү ар кандай таштандылардан улам экологиялык булгануу менен күрөшүүдө.
Дүйнөнүн эң кургак чөлү катары билинген Чилидеги Атакама чөлү тонналаган таштанды кийим - кече, пластик жана урандылардан улам таштандылар менен толду.
Чилинин Икике шаарынын 10 километрчелик чыгышында жайгашкан Альто Хосписио аймагындагы Атакама чөлү ар кандай таштандылардан улам экологиялык булгануу менен күрөшүүдө.
Дрон менен тартылган көрүнүштөрдө чөлдө түрдүү кийимдер, миңдеген пластик, урандылар жана башка материалдардын кенен аймакты каптагандыгы көрүнүүдө.
Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларда чөлгө жыл сайын 59 миң тонна кийим - кеченин ташталгандыгы, булардын айрымдарынын сатылгандыгы, айрымдарынын да чөлдө калгандыгы билдирилди.
Эң көп кийим импорттогон Латын Америка өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунда турган Чилиде бажыга келген тонналаган кийимдерге уруксат берилбегендиктен чөлдө калууда.
Тектеш кабарлар
Орусия Новокалиновону көзөмөлгө алды
Орус армиясынын Украинадагы чабуулдары тууралуу маалымат берилди.