Абанын температурасы 4 - июлда да рекордун жаңылады

Глобалдык орточо температура 17,18 градус болуп өлчөлгөн   4 -  июль каттоолордогу эң ысык күн болду.

2007329
Абанын температурасы 4 -  июлда да  рекордун жаңылады

Глобалдык орточо температура 17,18 градус болуп өлчөлгөн   4 -  июль каттоолордогу эң ысык күн болду.  

Америка Кошмо Штаттарынын  метеорологиялык кызматы NCEнын маалыматына ылайык, глобалдык орточо температура 17,01 градус менен өлчөлгөн 3-июль эң ысык күн катары катталган.

Дүйнөлүк температура рекорду 24 сааттын ичинде жаңырып, 4-июлда дүйнөлүк орточо температура Цельсий боюнча 17,18 градуска жетти.

Абанын температурасы адамдардын  таасири менен келип чыккан  климаттык алмашуу күч алып, окумуштуулар температуралык рекорддордун  өзгөчө алдыбыздагы алты жумада да улантыла тургандыгы боюнча эскетишти. 

Акыркы жумаларда АКШ ысык толкундун таасиринде болуп, Кытай 35 градустан ашкан температура менен күрөшүүдө.  Ал эми Индиядагы катуу ысык 150дөн ашуун адамдын каза болушуна себеп болду.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин маалыматына караганда, Зехек жана Хирменд шаарларында абанын температурасы 50 градуска жеткен.

Дүйнөлүк метеорология уюму да Эль Нино шарттарынын кечээ башталганын жана температуранын жогорулашынын ылдамдашы мүмкүн экендиги билдирди.

Буга чейин глобалдык орточо температура 2016-жылдын август айында 16,9 градус Цельсий боюнча өлчөлгөн.

 

 



Тектеш кабарлар