Зеленский: «Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз»

Зеленский CNN телеканалына берген маегинде Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы жерлерин кайтарып алууга аракет кылып жатышканын жана алардын акыркы максаты 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган Крымды сактап калуу экенин айтты.

2006870
Зеленский: «Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз»

Украинанын президенти Владимир Зеленский анын түпкү максаты Орусия аннексиялап алган Крымды бошотуп алуу экенин билдирип: «Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз»,-деди.

Зеленский CNN телеканалына берген маегинде Украинанын түштүгүндөгү жана чыгышындагы жерлерин кайтарып алууга аракет кылып жатышканын жана алардын акыркы максаты 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган Крымды сактап калуу экенин айтты.

Киевдин аракеттери Украинанын түштүк жана чыгышындагы жерлерди кайтарып алууга багытталганын баса белгилеген Зеленский: «Биз Украинаны Крымсыз элестете албайбыз. Крым Орусиянын оккупациясында болгондо, бул бир гана нерсени билдирет: согуш али бүтө элек»,-деп өз баасын берди.

Крымсыз тынчтыкка жетишүү мүмкүнбү деген суроого Зеленский: «Анда жеңиш болбойт»,-деп жооп берди.

Украинанын президенти ошондой эле орус президенти Владимир Путиндин өткөн айдагы Вагнер козголоңуна берген жообу «алсыз» болгонун жана ал өз элин көзөмөлдөй албай жатканын билдирди.

Орусия Украина менен пикир келишпестик жараткан Крымды 2014-жылы аннексиялап алган жана Крымды Орусиянын аймагына кошуу милдети жүктөлгөн Вагнер бул кадамы менен атын дүйнөгө таанытты.



Тектеш кабарлар