Суданда кагылышуулар улантылууда

Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда борбор шаар Хартумдагы стратегиялык жерлерде кагылышуулар улантылууда.

2006916
Суданда кагылышуулар улантылууда

Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда борбор шаар Хартумдагы стратегиялык жерлерде кагылышуулар улантылууда.

Көргөн күбөлөрдүн айтымында армия борбор шаардын Шежера мааласындагы жана стратегиялык мааниге ээ Брондолгон бөлүктөрдүн штабын бутага алган Ыкчам колдоо күчтөрүнүн аскерлери оор артиллериялык кол салуусу менен аймактан чегинүүгө мажбур болду.

Умдурман шаарынын тургундары да атайын күчтөр колдогон армия күчтөрүнүн аймактагы жарандардын үйлөрүнө жайгаштырылган Ыкчам колдоо күчтөрүн  чыгаруу үчүн операцияларын улантып жатканын билдиришти.

Бахри шаарында тараптардын ортосунда катуу кагылышуулар болду. Атышуу жана түтүн каптаган шаарда согуштук учактар ​​катуу сокку урду.

Ошол эле учурда куралдуу күчтөрдөн берилген маалыматта Армиянын командири генерал Абдулфеттах  ел  -  Бурхандын ыктыярдуу түрдө армияга кошулууну каалаган жаштардын кабыл алынышы жана фронтко даярдалышы үчүн командирлерге көрсөтмө бергендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар