Гутерриштен Израилге эскертүү...

БУУнун Башкы катчылыгынын темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсү жарыяланды.

2006671
Гутерриштен Израилге эскертүү...

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Жениндеги окуялардан «терең тынчсызданганын» билдирди.

БУУнун Башкы катчылыгынын темага байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Гутерриш Израилдин Женинге кол салуусуна байланыштуу: «Бардык аскердик операциялар эл аралык гуманитардык укуктун негизинде жүргүзүлүшү керек»,-деп айтканы белгиленген.

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериадагы Женин шаарына бүгүн (кечээ) жасаган аба соккусу жана тинтүүсүндө сегиз палестиналык набыт болду. Аль-Бире шаарында Израиль аскерлери аткан ок бир палестиналыктын башына тийип, анын натыйжасында каза болду.

Бир тараптан БУУ Израилдин басып алган Батыш Шериада Женинге кол салууларын айыптоодон карманып, сабырдуулукка гана чакырды.

БУУнун басма сөз катчысынын орун басары Фархан Хак күнүмдүк маалымат жыйынында Израилдин Женинге кол салуусуна байланыштуу суроолорго жооп берди.

Учкучсуз учуучу аппараттар ​​менен болгон кол салууну БУУ айыптайбы деген суроого Хак: «Калк жыш жайгашкан аймактарга куралдуу кол салуулар кабыл алынгыс. Муну биз көп жолу билдиргенбиз»,-деп айтты.

«Биз бардык калктуу конуштарга кол салуулардын токтотулушун каалайбыз»,- деп айткан Хак, улам суралган суроолорго карабастан, учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулдарын айыптоодон карманды.

Хак бардык тараптар эл аралык гуманитардык укукту сыйлашы керектигин белгилеп: «Израиль коопсуздук операцияларын жүргүзүүгө укуктуу, бирок муну карапайым калкка зыян келтирбестен жана жарандык инфраструктураларга зыян келтирбестен жасашы керек»,-деди.

Палестина элинин өзүн коргоого укугу барбы деген суроого Хак: «Бардык элдердин өзүн коргоого укугу бар. Биз жер-жерлерде чыңалуунун басаңдатылышын гана каалайбыз»,-деп айтты.

Хак: «Израилдиктердин өлүмүн айыптаган БУУ эмне үчүн Женин кол салуусун айыптабайт?» деген суроого БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш өткөн жумада жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө зомбулуктун бардык түрүн айыптаганын эске салды.

БУУнун Жакынкы Чыгыш тынчтык процессинин атайын координатору Тор Веннесланд кол салууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, чыңалуунун күчөшүнүн абдан коркунучтуу экенине көңүл бурду.

Веннесленд: «Израилдин аскердик операциясы бир нече айга созулган чыңалуудан кийин келип чыкты жана басып алынган Батыш Шериада кырдаалдын канчалык туруксуз жана күтүүсүз экенин дагы бир жолу эскертет. Ар бир адам карапайым калкты коргоого милдеттүү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар