Батыш Шериада Израилдин учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлдү

Израиль армиясынан темага байланыштуу кыска жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

2005941
Батыш Шериада Израилдин учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлдү

Израиль армиясына таандык бир учкучсуз учуучу аппараты басып алынган Батыш Шериадагы Женин шаарында атып түшүрүлдү.

Израиль армиясынан темага байланыштуу кыска жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Билдирүүдө, «Учкучсуз учуучу аппараттын Женинге кулап түшкөнү жана окуя боюнча иликтөө иштери уланып жатканы» белгиленди.

Исламий Жихад Кыймылынын куралдуу канаты, Кудс аскеринин Женин бригадасы Израилдин бир учкучсуз учуучу аппараты атып түшүрүлгөнүн жарыялады.

Женин бригадасы айрыкча учкучсуз учуучу аппарататын фото жана видеоматериалдарын бөлүштү.

Израиль армиясы бир жылдан ашуун издөөдө жүргөн палестиналыктарды шылтоо кылып Жениндеги операцияларын күчөткөн.



Тектеш кабарлар