Канададагы токой өрттөрү

Канадада май айынан бери болуп жаткан токой өрттөрүн өчүрүү иштерине түрдүү өлкөлөрдөн 1470тен ашуун өрт өчүргүч жардам берип жатат.

2005663
Канададагы токой өрттөрү

Канадада май айынан бери болуп жаткан токой өрттөрүн өчүрүү иштерине түрдүү өлкөлөрдөн 1470тен ашуун өрт өчүргүч жардам берип жатат.

Мексикадан, Португалиядан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Чилиден, Коста-Рикадан, Испаниядан, Түштүк Африкадан жана Америка Кошмо Штаттарынан  1470тен ашуун өрт өчүргүч Онтарио, Квебек, Британ Колумбиясы жана Альберта провинцияларына жайгаштырылды.

Канададагы токой өртүндө бүгүнкү күнгө чейин 80 миң чарчы километр токой аянты күлгө айланды.

Бир тараптан алганда өлкөдөгү өрт АКШга да таасирин тийгизүүдө.  Маалыматтарга караганда, АКШда 120 миллион адам өрттөн чыккан түтүндөн жабыркап, өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгү "өтө зыяндуу" деп классификацияланган начар аба менен бетме  - бет келген. Түтүн эң көп Чикаго, Кливленд, Детройт жана Индианаполис шаарларын каптаган.

 



Тектеш кабарлар