Макрон соцтармактын зомбулукту күчөткөндүгүн белгиледи

Макрон премьер  - министр Элизабет Борне жана ички иштер министри Жералд Дарманин өзгөчө кырдаал жыйынына катышты.

2005596
Макрон соцтармактын зомбулукту күчөткөндүгүн белгиледи

Франциянын президенти Еммануэль Макрон  өлкөсүндө көчөлөр согуштук аянтка айланган окуялар тууралуу соцтармактын зомбулукту күчөткөндүгүн белгиледи.

Макрон премьер  - министр Элизабет Борне жана ички иштер министри Жералд Дарманин өзгөчө кырдаал жыйынына катышты.

Макрон : "Бул акыркы эки түн  кабыл алынгыс жана туруштук берүүгө болбой турган абалдын бир бөлүгү. Зордук-зомбулукту эч нерсе актай албайт. Айрыкча, бул зомбулук коомдук имараттарга, мэрияларга, полиция бөлүмдөрүнө, мектептерге, дүкөндөрдү талап-тоноого кол салуудан турган болсо",- деди. 

Абалды көзөмөлгө алуу үчүн  дагы көп полициянын милдеттендирилерин айткан Франциянын президенти  17 жаштагы Наэл М.нын өлүмү митингчилер  тарабынан да кордолгондугун, саясий тыянак чыгарууну каалагандардын бар экенин айтты.

Бул зомбулук окуяларынын мыйзамдуу бир жагынын жок экендигин айткан Макрон ички иштер министри Дарманинин аянтта кошумча чараларды көргөндүгүн белгиледи. 

Көчө окуяларын тынчтандыруу үчүн ата - энелерден жаштарды үйдө кармоолорун талап кылган Макрон көчөлөр согуш аянтына айланган окуялар тууралуу  соцтармактын зомбулукту күчөткөндүгүн белгиледи.

Франциянын президенти социалдык медиа компанияларынан “тополоңго” чакырган колдонуучулардын ким экендигин ачыкка чыгарууну талап кыла тургандыктарын билдирди.

Париждин Нантедин четинде 27-июнда жол көзөмөлдөө учурунда полициянын ок атуусу 17 жаштагы өспүрүм каза болгондон кийин башталган митингдер түнү бою уланып, башталган окуяларда 875 киши кармалган.

Митингдерден  кийин Нойли-сюр-Марн шаарынын 3 кварталында, ошондой эле Нантер, Кларамат жана Савинья-ле-Темплдин чет жакаларында түнкү коменданттык саат киргизилди.

 



Тектеш кабарлар