Европа Биримдигинин вакцина өндүрүү көлөмү

Европа Биримдиги  келечектеги эпидемияга даярдануу үчүн жылына 325 миллион доза вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти.

2005593
Европа Биримдигинин вакцина өндүрүү көлөмү

Европа Биримдиги  келечектеги эпидемияга даярдануу үчүн жылына 325 миллион доза вакцина өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишти.

Европа Биримдиги комиссиясы вакцина өндүрүү кубаттуулугун кармап калуу үчүн ар кандай вакцина компаниялары менен келишим түзгөнүн жарыялады.

Чукул абалдарда  керек болгон вакциналарды ылдам чыгара турган компаниялар менен бир желе курулгандыгы белгиленген билдирүүдө mRNA, вектор жана протеин  вакцина өндүрүүчүлөрү Пфизер, Pfizer, Bilthoven Biologicals жана Laboratorios Hipraнын желеге  киргени айтылды.

Билдирүүдө бул компаниялардын Европа Биримдигинин ичинде жылына 325 миллион доза вакцина өндүрүү кубаттуулугу үчүн объектилерди, персоналды жана камсыздоо чынжырларын коргоого милдеттүү экени белгиленди.

Билдирүүдө Европа Биримдиги комиссиясынын талабы боюнча фирмалардын вакциналарды чыгара баштай тургандыгы жана Европа Биримдигинин бул өндүрүүчүлөргө жылына 160 миллион евро жардам бере турганы белгиленди.

Билдирүүдө резервдик дозалардын Бельгия, Ирландия, Нидерландия жана Испанияда өндүрүлө тургандыгы айтылды.

 

 



Тектеш кабарлар