Франциядагы окуялар Бельгияга да жайылды

Францияда полициянын ок атуусу менен жаш айдоочу каза болгондон кийин башталган окуялар Бельгияга жайылды.

2005550
Франциядагы окуялар Бельгияга да жайылды

Францияда полициянын ок атуусу менен жаш айдоочу каза болгондон кийин башталган окуялар Бельгияга жайылды.

Улуттук басма сөздүн маалыматына караганда, бир группа жаштар 27-июнда полициянын ок атуусу 17 жаштагы Наэл М менен каза болгон Францияда болгон митингдерге социалдык медиа аркылуу колдоого чакырышты.

Ушул боюнча борбор шаар Брюсселдин негизги райондорунан Аннессенске чогулган митингчилер брусчаткаларды ыргытып, аялдамалардын айнектерин сындырып, кээ бир унааларды өрттөштү.

Аннессенс метро станциясы жабылып, аймакка унаалардын кирүүсүнө тыюу салынды.

Полиция менен митингчилердин кагылышында кармалган 64 кишинин 48инин жашынын жете элек экендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар