Орусиядан Украинага ракеталык чабуул

Украинанын Ички иштер министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген билдирүүдө орус армиясынын кечээ Донецк аймагындагы Краматорск шаарына ракеталык чабуул жасаганы белгиленди.

2005291
Орусиядан Украинага ракеталык чабуул

Кечээ Орусиянын Украинанын Краматорск шаарындагы ашканага ракеталык чабуулунан 8 киши каза болуп, 56 киши жаракат алган.

Украинанын Ички иштер министрлигинин социалдык медиа эсебинен берилген билдирүүдө орус армиясынын кечээ Донецк аймагындагы Краматорск шаарына ракеталык чабуул жасаганы белгиленди.

Билдирүүдө бир ракетанын Краматорск шаарынын борборундагы тамак-аш ишканасына тийгени белгиленип, «Эртең мененки саат 07:00гө карата 8 адам каза болуп, 3 жаш бала, 56 адам жаракат алды»,делди.

Билдирүүдө окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканы, урандылардын астында адамдардын болушу мүмкүн экендиги ортого салынды.



Тектеш кабарлар