Боррель: «Путиндин күчтөн тайышы дагы коркунучтуу»

Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин кире беришинде басма сөзгө билдирүү жасады.

2005321
Боррель: «Путиндин күчтөн тайышы дагы коркунучтуу»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, эгер орус президенти Владимир Путин Вагнер тобунун козголоңуна каршы күчү жетпей калса, ал Европага чоң коркунуч жаратаарын айтты.

Боррель Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Европа Биримдигинин лидерлер саммитинин кире беришинде басма сөзгө билдирүү жасады.

Жеке коопсуздук компаниясы Вагнер тобунун орус администрациясына каршы ишемби күнкү көтөрүлүшүнө токтолгон Боррель: «Путин алсыраса чоңураак коркунуч жаратат. Ошондуктан бул окуянын кесепеттерин жакшы түшүнүшүбүз керек»,-деди.

Боррель: «Буга чейин биз Орусияны коркунуч катары көрчүбүз, анткени ал өтө көп күч колдонуп жаткан. Эми ички туруксуздуктан улам Орусияга коркунуч катары карашыбыз керек»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар