Вагнер кризиси тууралуу Песков, Лукашенко жана Столтенбергдин билдирүүлөрү

Песков Вагнердин ишемби күнү орус башкаруучулугуна каршы чыгуу аракетине байланыштуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

2004911
Вагнер кризиси тууралуу Песков, Лукашенко жана Столтенбергдин билдирүүлөрү

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин катчысы Дмитрий Песков, Вагнер кризисинин чечилүү процессинде бардык тараптардын берген убадаларынын аткарылышын үмүт кылгандарын айтты.

Песков Вагнердин ишемби күнү орус башкаруучулугуна каршы чыгуу аракетине байланыштуу борбор шаар Москвада билдирүү жасады.

Орус бийлигине каршы чыккан «Вагнер» жалданма тобунун жана анын башчысы Евгений Пригожиндин тагдыры тууралуу суроого жооп берип жатып, Песков: «Мен бул боюнча кошумча маалымат бере албайм. Согушкерлердин айрымдары (Орусиянын) Коргоо министри менен келишим түзө алат, айрымдары мекенине кайтып, кээ бирлери Белоруссияга өтө алат»,-деди.

Вагнер кризисин чечүү процессине токтолгон Дмитрий Песков: «Кээ бир инсандар тарабынан чоң иштер жасалды. Президент (Путин) эң жаман сценарий менен окуялардын өнүгүшүнө жол бербөө үчүн эрк көрсөттү. Эң жаман сценарийдин болбошу үчүн кээ бир келишимдер түзүлдү, Путин болсо кээ бир нерселерди убада кылды. Берилген макулдашуулар ишке ашууда. Путиндин убадасы аткарылууда. Албетте, биз ар бир тараптын убадасын так аткаруусун каалайбыз»,-деп айтты.

Ал арада Беларус президенти Александр Лукашенко орус администрациясына каршы чыккан «Вагнер» жалданма тобунун башчысы Евгений Пригожин Беларуста экенин билдирди.

Лукашенко борбор шаар Минскидеги билдирүүсүндө Орусиянын президенти Путиндин Пригожинге байланыштуу кепилдиктерин аткарганын айтып: «Ооба, Пригожин, бүгүн Белоруссияда. Мен ага убада кылгандай, алар Беларуста бир аз калышса болот. Биз буга жардам беребиз»,-деди.

Бир тараптан НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Пригожинден кийин Вагнер менен байланышы бар бардык күчтөрдүн Беларуска барарын айтууга али эрте экенин айтты.

Столтенберг Нидерландиянын Гаага шаарында Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен бирге Албания, Бельгия жана Норвегиянын премьер-министрлери, Польша жана Румыниянын президенттери катышкан кечки сый иш тамагын берди.

Кечки тамактан кийин өткөрүлгөн маалымат жыйында «Пригожиндин жана анын айрым күчтөрүнүн Беларуска барышынын кесепеттери боюнча акыркы чечим чыгарууга али эрте»,-деп айткан Столтенберг абалды жакындан байкап жатышканын билдирди.



Тектеш кабарлар