Суданда кагылышуулар тыйыла элек

Күбөлөр HDKнын Хартумдун түштүгүндөгү Зооттолгон бөлүктөрдүн штабына кол салганын жана борбордун батышындагы Умдурман шаарындагы Инженерлер биримдигинин штабын да миномет менен атканын айтышты.

2004840
Суданда кагылышуулар тыйыла элек

Суданда Ыкчам колдоо күчтөрү (HDK) тарабынан жарыяланган бир тараптуу ок атышпоого карабастан борбор шаар Хартумда армияга таандык эки стратегиялык штабга кол салганы билдирилди.

Күбөлөр HDKнын Хартумдун түштүгүндөгү Зооттолгон бөлүктөрдүн штабына кол салганын жана борбордун батышындагы Умдурман шаарындагы Инженерлер биримдигинин штабын да миномет менен атканын айтышты.

Окуяга күбө болгондор Судан армиясынын да кол салууларга жооп бергенин, армиянын штабдын жанындагы көчөлөрдө HDK күчтөрү менен кагылышканын айтышты.

Судан армиясы мурда колдогон, бирок көз карандысыз жана параллелдүү армия сыяктуу кыймыл кылганы үчүн коркунуч катары көргөн HDKнын 2 жылдын ичинде толук түрдө армияга интеграцияланышын каалады.

HDKнын жарандык өкмөт болгондон кийин болжол менен 10 жылга созулган процессте муну кабыл ала алабыз деген билдирүүсү менен башталган тирешүү жана кайым айтышуусу 15-апрель күнү эртең менен борбор шаар Хартум менен ар кайсы шаарларда тараптардын ортосунда куралдуу кагылышууга айланды.

Судандын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун акыркы маалыматтарына караганда, кагылышууда 3000ден ашуун адам өлүп, он миңдеген адам жарадар болуп, 2,5 миллиондон ашуун адам өлкөнүн ичинде жана сыртында жер которууга аргасыз болгон.

Суданда 15-апрелден бери армия менен кагылыып жаткан HDK командири Мухаммед Хамдан Дагалу бүгүн баштала турган 2 күндүк «бир тараптуу» ок атышпоо жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар