Блинкен Байрамов жана Мирзоян менен жолугушту

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында Блинкен Байрамов менен Мирзоянды «тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында» кабыл алганын билдирди.

2004985
Блинкен Байрамов жана Мирзоян менен жолугушту

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) тышкы иштер министри Энтони Блинкен Вашингтондо Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугушту.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Мэтью Миллер күнүмдүк маалымат жыйынында Блинкен Байрамов менен Мирзоянды «тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында» кабыл алганын билдирди.

Миллер: «АКШ Түштүк Кавказ чөлкөмүнүн тынчтык келечегине умтулууну улантып жаткандыктан, сүйлөшүүлөргө көмөктөшүү үчүн ушул аптада Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян менен Азербайжандын тышкы иштер министри Барамовду тосуп алуу кубанычында»,-деди.

Миллер Блинкендин алгач эки министр менен өз-өзүнчө жолугушканын, андан кийин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн үч тараптуу жолугушуу менен уланганын бөлүшүп,«Блинкен эки жолугушууда тең түздөн-түз диалогдун көйгөйлөрдү чечүүдө бекем жана татыктуу тынчтыкка жетишүүнүн ачкычы экенин баса белгиледи», деген сөздөргө орун берилди.

Миллер АКШнын Армения менен Азербайжандын тынчтык жараянына эффективдүү катышуу үчүн жасаган акыркы аракеттеринен «шыктанганын» жана бул импульстун өнүгүшү үчүн «колдон келген бардык жагынан жардам берүүнү улантаарын» баса белгиледи.



Тектеш кабарлар