Орус учагы Идлибге абадан кол салып, 9 киши каза тапты

Сириянын жарандык коргонуусунан (Ак каскачандар) алынган маалыматка караганда, Бисбет айылына кол салуудан 2 жаран каза болду.

2004067
Орус учагы Идлибге абадан кол салып, 9 киши каза тапты

Орус согуштук учактарынын Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагына абадан кол салууларында алгачкы аныктамаларга караганда 9 жаран каза болуп, 30 жаран жаракат алды.

Оппозицияга таандык учактарды байкоо үйүнөн алынган маалыматка караганда орусиялык 3 согуштук учак жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:03тө Латакиядагы Химеймим аба базасынан көтөрүлүп, Идлибдин Сисир аш-Шугур районундагы жашылча базарына абадан кол салды, шаардын борбору жана Бейнин районун бомбалады.

Сириянын жарандык коргонуусунан (Ак каскачандар) алынган маалыматка караганда, Сисир аш-Шугурда орун алган жашылча базарына кол салууда 9 жаран каза болуп, 30 жаран жаракат алды.

Жаракат алгандар дарылануу үчүн ооруканаларга жеткирилип жатканда каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп кооптонууда.

Орусияга таандык абадан согуштук учагынын кечээ Идлиб чыңалуусун азайтуу аймагына абадан кол салуусунан эки жаран каза болгон.



Тектеш кабарлар