Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты.

2004118
Израиль армиясы жөөт отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салууларын айыптады

Израиль армиясы басып алынган Батыш Шериада жөөт отурукташкандардын палестиналыктарга каршы уюшкан кол салууларын «улутчул террор» жана алар менен күрөшө турганын жарыялады.

Израилдин башкы штабынын төрагасы Герци Халеви, Израилдин ички чалгындоо агенттиги Шин-Бет (Шабак) башчысы Ронан Бар жана Израилдин полиция башчысы Коби Шабтай биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жасашты.

Израил армиясынан алынган билдирүүдө Батыш Шериада мыйзамсыз жөөт отурукташкан жерлеринде жашаган израилдик отурукташуучулардын аймактагы палестиналык шаарларга уюшкан кол салуулары, ондогон үй жана унааларды өрттөшү «улутчул террор» деп бааланды.

Билдирүүдө, «Акыркы күндөрү Иудей жана Самария (Батыш Шериа) аймактарында бейкүнөө палестиналыктарга каршы зомбулук чабуулдары Израилдин жарандары тарабынан жасалды. Бул чабуулдар бардык адеп-ахлактык баалуулуктарга жана жөөттөрдүн баалуулуктарына каршы келет жана бардык жагынан улутчул терроризм болуп саналат. Биз алар менен күрөшүүгө мажбурбуз»,деген сөздөр камтылган.

Израилдин коопсуздук күчтөрүнүн «бул козголоңчуларга каршы күрөшөрү» айтылган билдирүүдө, отурукташуучулардын зомбулуктарына каршы камоолордун кеңейтилери белгиленди.

Израиль армиясынын коргоосу астындагы отурукташуучулар шаршембиден бери Батыш Шериада Рамалла жана Наблуска жакын палестиналык шаарларга каршы уюшкан кол салууда палестиналыктардын ондогон үйлөрүн жана унааларын өрттөштү.

Турмусая шаарында куралдуу отурукташуучулардын палестиналыктарга кол салуусунун натыйжасында 1 палестиналык каза болуп, 12 киши жараланды.



Тектеш кабарлар