Москва жана эки аймакта «антитеррордук операция» режими жарыяланды

Россиянын Улуттук антитеррордук комитетинин маалымат борбору тарабынан жасалган билдирүүдө терроризмге каршы чаралардын көрүлгөндүгү билдирилди.

2003921
Москва жана эки аймакта  «антитеррордук операция» режими жарыяланды

Вагнер кризисинен улам Россиянын борбор шаары Москвада жана эки аймакта «антитеррордук операция» режим жарыяланды.

Россиянын Улуттук антитеррордук комитетинин маалымат борбору тарабынан жасалган билдирүүдө терроризмге каршы чаралардын көрүлгөндүгү билдирилди.

Ростов облусунан кийин Воронеж облусунда массалык иш-чаралар токтотулду.

Воронеж облусунун губернатору Александр Гусев социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү жасап, аймакта абалдын туруктуу экенин белгилеп, элди сабырдуулукка чакырды.

"Вагнер" коопсуздук компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин орус армиясынын лагерине кол салганын айыптап, жооп кайтаруу  үчүн аракетке өткөндөрүн билдирген. 

Ушул боюнча  Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) "куралдуу баш аламандык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Россиянын коргоо министрлиги Вагнердин  лагерине кол салган деген айыптоолорду четке какты.

.



Тектеш кабарлар