Россия Европа Биримдигинин 11 - санкция пакетине санкция менен жооп берди

Ушул кезге чейин Россияга карата 10 санкция пакетин ишке ашырган Европа Биримдиги бүгүн  11 – санкцияны расмий түрдө бекетти.

2003781
Россия Европа Биримдигинин  11 -  санкция пакетине санкция менен жооп берди

Россия Европа Биримдиги Кеңешинин 11 -  санкция пакетине каршы  санкциялар менен жооп берди. Россиянын тышкы иштер минимстрлигинен берилген маалыматта Европа Биримдигинин жаңы санкция пакетинин «мыйзамсыз» экендиги белгиленип : «Бул душман катары кыймылдарга жооп иретинде Россия өлкөгө киришине тыюу салган Европа Биримдиги мекемелери жана жетекчилеринин тизмесин маанилүү өлчөмдө кеңейтти»,- деп айтылды.

Санкциялар  тизмесинин Европа Биримдиги өлкөлөрүнөн укук коргоо органдарынын, мамлекеттик жана коммерциялык уюмдардын өкүлдөрү, Украинага курал-жарак жана техникалык жактан жардам берген Европа Биримдиги жарандарды, Россияга санкция киргизүүдөн жооптуу Европа мекемелеринин өкүлдөрү менен кеңейтилгендиги, Россияга каршы маалыматтарды берген Европа Биримдиги парламентарларынын да санкциянын алкагында экендиги билдирилди.  Билдирүүдө санкцияга кирген киши жана мекемелердин саны, аттарына орун берилген жок.

Ушул кезге чейин Россияга карата 10 санкция пакетин ишке ашырган Европа Биримдиги бүгүн  11 – санкцияны расмий түрдө бекетти.



Тектеш кабарлар