АКШда уулуу балырлар жайылууда

Июнь айында Калифорниянын түштүк жээгинде миңден ашуун деңиз жаныбарлары өлүп же ооруп калышты.

2003612
АКШда уулуу балырлар жайылууда

АКШнын Калифорния штатынын түштүк жээгинде пайда болгон уулуу балырлар жүздөгөн киттердин жана деңиз арстандарынын өлүмүнө алып келди.

Июнь айында Калифорниянын түштүк жээгинде миңден ашуун деңиз жаныбарлары өлүп же ооруп калышты.

Адистер мындай абалдын себебинин аймакта пайда болгон уулуу балырлар экенине көңүл бурушту.

Уулуу балырлардын мезгилдүү экенин белгилеген адистер, климаттын өзгөрүшүнүн бул көйгөйдү күчөтүшү мүмкүн экенин эскертишти.

Жетекчилер балырлар чыгарган «домой кислотасынын» жаныбарлар арасында азык чынжыры аркылуу жайыла турганын, моллюскалардын жана кээ бир балыктардын бул ууну жей турганын, андан соң бул жаныбарларды жеген деңиз арстандары, киттер жана деңиз канаттуулары сыяктуу түрлөрүнүн ууланганын билдиришти.

Мындай абалдан эң көп Санта-Барбара жана Вентура пляждары таасирленди. 



Тектеш кабарлар