АКШда улгайган калктын көбөйүшү

АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматына ылайык, өлкөнүн калкынын орточо жаш курагы тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жетти.

2003520
АКШда улгайган калктын көбөйүшү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) калкынын орточо жаш курагы тездик менен өсүп жатат.

АКШнын Калкты каттоо бюросунун маалыматына ылайык, өлкөнүн калкынын орточо жаш курагы тарыхтагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Калкты каттоо бюросу жарыялаган жаңы статистика, америкалыктардын орточо жашы 38ден жогорулаганын, бул сандын 1980-жылы 30 экенин көрсөттү.

2022-жылдын июлуна чейинки мезгилди камтыган маалыматтар, АКШнын калкы барган сайын улгайып, өлкөдө жашагандардын азыраак балалуу болуп жатканын аныктады. 

Маалыматтарга ылайык, орточо жаш курагы эң жогору болгон штаттар Мэн (44,8) жана Нью-Гэмпшир (43,3), ал эми эң төмөн штаттар өлкөдө төрөттүн эң жогорку көрсөткүчүнө ээ Юта (31,9) жана Техас (35,5) болду.

Калкы улгайып бараткан АКШда Ковид-19 пандемиясы менен бирге төрөлүү ылдам төмөндөсө, ушул эле мезгилинде калктын өсүшүнө таасирдүү болгон иммигранттардын саны да азайган.



Тектеш кабарлар