Кытайда ресторанда жарылуу болду
Окуяда 31 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды.
2002995
Кытайдын Нинся-Хуэй автономиялуу аймагынын борбору Инчуан шаарындагы ресторанда газ жарылып, 31 адам каза болду.
Инчуан шаарындагы барбекю ресторанында кечээ кечинде жарылуу болду.
Окуяда 31 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды.
Кытай жетекчилери 3 күнгө созула турган «Ажыдаар кайык фестивалы» алдында болгон жарылуунун ресторанда колдонулган ашкана газынан улам болгонун билдиришти.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин күнөөлүүлөрдү мыйзам алдында жоопко тартуу үчүн чара көрүүнү талап кылды.