Гондурастын түрмөсүндө 41 туткун аял каза болду

Гондурастын «Ла Пренса» гезитинин маалыматына караганда, борбор калаа Тегусигальпага караштуу Тамара шаарындагы аялдар абагында тополоң жана кагылышуулар болду.

2002384
Гондурастын түрмөсүндө 41 туткун аял каза болду

Борбордук Америка өлкөсү Гондурастагы аялдар абагында чыккан урушта алгачкы аныктамалар боюнча 41 туткун аял каза болду.

Гондурастын «Ла Пренса» гезитинин маалыматына караганда, борбор калаа Тегусигальпага караштуу Тамара шаарындагы аялдар абагында тополоң жана кагылышуулар болду.

Окуяларда 25 аял өрттөлсө, 16 аял мылтык менен атып өлтүрүлгөн.

Мара Салватруча менен Баррио 18 бандаларынын ортосундагы кармаштан улам түрмөнүн айланасына көптөгөн коопсуздук күчтөрү жөнөтүлдү.

Коопсуздук министринин орун басары Жулиса Виллануева түрмөдө «өзгөчө кырдаал» жарыяланганын өзүнүн Twitter баракчасына жазып: «Мен Тамара аялдар абагына эң катаал кийлигишүүгө буйрук бердим. Биз бул абактагы жоруктарга жана бейбаштыкка чыдабайбыз. Өрт өчүрүү кызматы, милиция жана аскерлердин коштоосунда кырдаал мүмкүн болушунча тез арада көзөмөлгө алынат»,-деп айтты.

Бир тараптан Тегусигальпага болжол менен 300 километр алыстыкта ​​жайгашкан IIama түрмөсүндө куралдуу кагылышуу болгондугу жана окуяларга полициянын кийлигишкени маалымдалды.



Тектеш кабарлар