Бразилиядагы бороондон 16 адам каза тапты

Сел жана жер көчкүнүн себебинен айрым каттамдар токтотулуп, авто жол жана көчөлөр унаа кыймылына жабылды.

2002343
Бразилиядагы бороондон 16 адам каза тапты

Бразилиянын түштүгүндө 16-июндан бери таасирдүү болгон бороондон каза тапкандардын саны 16га жетти.

Рио-Гранде-ду-Сол штатынын губернатору Эдуардо Лейте билдирүү жасап, катуу бороондон 16 кишинин каза тапканын, дайынсыз жоголгондорду издөө иштеринин үзгүлтүксүз уланып жатканын айтты.

Бороондун сел жана жер көчкүгө себеп болгонун белгилеген Лейте, ушул убакка чейин 3 миң 200 кишинин үйсүз калганын, миңдеген кишинин эвакуацияланганын кабарлады.

Аба ырайынын катаалдыгы издөө-куткаруу иштерин кыйындаткан шаарларда бардык жердин суу астында калганы маалымдалды.

Жетекчилер эвакуацияланган үй-бүлөлөргө негизги азык-түлүк пакеттери таратылганын жана жардамдын улана турганын жарыялашты.

Сел жана жер көчкүнүн себебинен айрым каттамдар токтотулуп, авто жол жана көчөлөр унаа кыймылына жабылды.

Аргентина менен Уругвай да кыйроого алып келген бороондон улам чара көрүүнү күчөтүүнү чечкен.



Тектеш кабарлар