Грециянын жээгиндеги кайык кырсыгынан каза болгондордун саны 81ге жетти

Грек бийлигинин билдирүүсүндө апаат болгон аймакта дагы 3 кишинин сөөгү табылып, экспертиза үчүн Каламата портуна жеткирилгени белгиленди.

2001817
Грециянын жээгиндеги кайык кырсыгынан каза болгондордун саны 81ге жетти

Грециянын жээктеринде 14-июнда болгон мигранттардын кайыгындагы кырсыкта каза болгондордун саны 81ге жетти.

Грек бийлигинин билдирүүсүндө апаат болгон аймакта дагы 3 кишинин сөөгү табылып, экспертиза үчүн Каламата портуна жеткирилгени белгиленди.

Грециянын Жээк коопсуздук кызматынын билдирүүсүндө, мигрант апаатынан кийин издөө-куткаруу иштеринин уланганы билдирилип, кырсыктан кийин кечээ жансыз денеси табылган мыйзамсыз мигранттардын саны 3кө, жалпы каза болгондордун саны 81ге жеткени белгиленди.

Би-Би-Синин MarineTraffic аттуу глобалдык кемеге көз салган чалгындоо сайтынан алынган байкоо маалыматтарына таянып берген кабарында, кайыктын болжол менен 7 саат бою деңизде токтоп турганы жөнүндөгү билдирүүсүн Грециянын Жээк коопсуздук кызматы четке какты.

Грециянын Жээк коопсуздук кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө кеменин жакын жердеги 2 танкерден суу жана азык-түлүк кошумчаларын алуу үчүн жалпы 4,5 саат токтогону жана камсыздоодон кийин кеменин 6 деңиз милин төмөн ылдамдыкта илгерилегени билдирилди.

Билдирүүдө кайыктын Греция бийлиги тарабынан аныкталгандан кийин жалпы 30 деңиз милин басып өткөнү айтылды.

Греция басма сөзүндө орун алган кабарда чөккөн яхтадан аман чыккан мыйзамсыз мигранттардын жана кайыкта туугандарын издеп жүргөндөрдүн билдирүүлөрүнө таянып берген кабарларда болсо, кеме чөгүп кеткенге чейин суу жана тамак-аш тартыштыгы болгондугу, мунун айынан кээ бир мигранттардын көз жумгандыгы баяндалган.

Грецияда чыккан «Эфимерида Тон Синтактон» гезити кырсык болгон жерден өткөн «Ишенимдүү жоокер» аттуу мунай танкеринин капитанынын сөздөрүн камтыган кабарда кеменин жээк коопсуздук топтору тарабынан окуя болгон жерден алыстатылганын жазды.

Грециянын издөө жана куткаруу борборунун ашыкча жүктөлгөн кайыктын кооптуу чайпалып жатканын билгени айтылган кабарда, жээк коопсуздук топторунун мунай танкерин мүмкүн болгон куткаруу операциясы үчүн окуя болгон жерге чакыруунун ордуна эмне үчүн аны алыстатууну тандаганы тууралуу суроолорго жооп берилиши керектиги белгиленди.

Бейөкмөт уюм Alarm Phone компаниясынын маалыматы боюнча яхтада 700дөй адам болгон.



Тектеш кабарлар