Афринге ракета менен кол салуу болду
Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта жайгашкан Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашык убакыттан бери басып алган ПКК/ЙПГ жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.
2000992
Сириянын Тель-Рыфат районунда оккупациясын уланткан жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГнын аскердик оппозициянын көзөмөлүндөгү Африн районуна ракеталык кол салуусунда 3 жаран жараланды.
Түркия чек арасына 18 километр алыстыкта жайгашкан Тель-Рыфат районун 6 жылдан ашык убакыттан бери басып алган ПКК/ЙПГ жарандык отурукташуу жерлерин бутага алууну улантууда.
Тель-Рыфатта уя салган террористтер Африндин түштүк-чыгышындагы Теренде айылындагы жер которгондор баш калкалаган брикет үйлөрүнө 6 ракета атышты.
Террордук уюмдун кол салуусунда жараланган 3 жаран тегеректеги ооруканаларга жеткирилди.
Айдоо аянттарына тийген ракеталардан улам чыккан өрткө жарандык коргонуу топтору кийлигишти.