Сирия тууралуу Астана сүйлөшүүлөрү 20 - 21 - июнь күндөрү өтөт

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил болгон Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары 20-21-июнь күндөрү Казакстандын борбор шаарында жолугушат.

2000838
Сирия тууралуу Астана  сүйлөшүүлөрү 20 - 21 -  июнь күндөрү өтөт

 Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил болгон Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары 20-21-июнь күндөрү Казакстандын борбор шаарында жолугушат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Сирия боюнча өтө турган Астана сүйлөшүүлөрүнө Сирия режими жана оппозиция өкүлдөрү менен кепил өлкөлөр Түркия, Россия жана Ирандын делегациялары катышат.

20-21-июнда Астанада өтө турган жыйынга Бириккен Улуттар Уюму менен Иордания, Ливан жана Ирак байкоочу статусу менен катышат.

Тараптар жыйында  Сириянын тегерегиндеги аймактык абалдын өзгөрүшү жана бул аянттардагы акыркы абалдарды талкуулашат.

Сириядагы террор менен күрөшүү, барымталарды бошотуу, дайынсыз жоголгон кишилерди издөө сыяктуу ишеним арттыруучу  чаралар менен бирге гуманитардык абал, өлкөнүн кайрадан курулушу жана сириялык качкындардын өлкөлөрүнө кайтышы үчүн шарттардын жаратылышы сыяктуу темалар да жайында каралат.

Биринчи күнү Түркия, Россия жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын ортосунда Сирия-Түркия карым-катнаштарынын нормалдашуусу үчүн «Жол картасы» боюнча төрт тараптуу кеңешме жыйындары өткөрүлөт.

Экинчи күнү делегациялар ортосунда улантыла турган эки тараптуу жана үч тараптуу жолугушуулардан кийин негизги жыйын жана маалымат жыйыны өткөрүлөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кепил өлкөлөрдүн делегациялары менен БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын жана Эл аралык Кызыл Крест уюмунун өкүлдөрүнүн ортосунда күч менен кармалгандар боюнча иш алып баруу тобунун жолугушуусу  өткөрүлөт.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрү акыркы жолу 2022-жылдын 22-23-ноябрында болгон.



Тектеш кабарлар