Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги Запорожьени көзөмөлгө алат

Атомдук станциядагы реакторлордун муздатылышы үчүн Каховка плотинасынан колдонулган суу деңгээлиндеги төмөндөөдөн улам бул жерде изилдөө жүргүзгөн Гросси Твиттерден баа берүүлөрү орун алган видеобилдирүү жарыялады.

2000735
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиги  Запорожьени  көзөмөлгө алат

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) төрагасы  Рафеал Мариано Гросси 6-июнда Украинанын Херсон аймагындагы Каховка плотинасынын жарылуусунан кийин Запорожье атомдук электр станциясындагы коркунучту алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз көзөмөлгө алынарын айтты.

Атомдук станциядагы реакторлордун муздатылышы үчүн Каховка плотинасынан колдонулган суу деңгээлиндеги төмөндөөдөн улам бул жерде изилдөө жүргүзгөн Гросси Твиттерден баа берүүлөрү орун алган видеобилдирүү жарыялады.

Гросси Каховка плотинасынын урашынын эң олуттуу кесепеттеринин бири атомдук станцияны муздатуу үчүн колдонулган суунун деңгээлинин төмөндөшү экенин белгиледи.

Учурда суунун деңгээлинин атомдук станцияны муздатуу үчүн жетиштүү экенин белгилеген Гросси, суунун деңгээлинин келечектеги жетишерлик деңгээлде кармалышы үчүн альтернативдик чаралардын үстүндө иштеп жаткандарын айтты.

Гросси согуш башталгандан бери төртүнчү жолу Запорожье атомдук станциясын  коштоосундагы делегация менен бары көргөндүгүн белгилеп : «Биз кырдаалга баа берүү үчүн керектүү маалыматты алдык деп ишенем. Өзөктүк кырсыктын алдын алуу үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтүү үчүн ал жердеги окуяларга (Запорожье АЭС) дайыма көз салып турабыз",-  деди.



Тектеш кабарлар